SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбооруна мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов конокко келди.
Ал үмүтү, ниети азыркы президентте экенин айтты.
"Президенттик башкарууну саясий максат катары ишке ашырдык. Өзүбүз жеңип келген президентти колдоп келдик. Биздин партия (ред. "Чоң Казат" партиясы) Садыр Жапаровду шайлоодо колдоп, жардам берди. Өзүбүз алып келген, колдогон президентке кантип душман болобуз? Биздин үмүтүбүз, ниетибиз Садыр Нургожоевичте", - деди ал.