Каныбек Осмоналиев: "Былтыр Садыр Жапаровду колдоо митингинде камакка алынам деген үч уктасам түшүмө кирген эмес"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев болду.

"Садыр Жапаровду колдоо митингинде камакка алынам деген үч уктасам түшүмө кирген эмес. Биздин максатыбыз мунапыс берсин деп ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун көңүлүн бурдуруу болчу. Митингден кийин үйгө келип чарчап отурсам кармап кетишти. Бийликти күч менен басып алуу боюнча катуу берене коюлду. Бул берене менен 15 жылга чейин камакка алынасың. 4 ай абакта болгондо 4 жолу эле сурак бердим. Күбөлөр менен беттештирген жок. Андан кийин мага коронавирус илдети жукканы белгилүү болду. Ден соолукта бир топ көйгөйлөр бар болчу. Аргасыздан мени үй камагына чыгарышты. Ошондо деле позициямды кармап турдум. 5-6 партиядан шайлоого аттануу сунушу түштү. Октябрь окуясына катышкан жокмун. Ошондон кийин иш кайра каралып баштады. Ишимди жаап бергиле деген жокмун. Иш сотко жете элек болчу. Ошол кылмыш ишин козгогон тергөөчү кайрадан кылмыш ишинде себеп жок деген токтом менен актап, колубузга документ берди", - дейт Осмоналиев.

Каныбек Осмоналиев: “Садыр Жапаровго, Улукбек Мариповго дагы кыйын болуп жатат“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан