Депутат Айсулуу Мамашова 2020-жылы парламенттик шайлоого эмне үчүн "Ата Мекен" партиясы менен аттанбаганын айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталынын #Галстуктар долбоорунда билдирди.
"Мен "Ата Мекенге" пайдадан башка зыян алып келген жокмун деп айтсам болот. Депутат партия, фракция үчүн иштебейт экен, эл үчүн иштейт. Кайсы фракция менен келбесең дагы эл үчүн иштегени келесиң. Бизде коомчулукта бир партиядан экинчи партияга кетсең саткын деп ойлошот. "Ата Мекен" партиясына ыраазымын. Бул партия менен депутат, фракция лидери болдум. Команда топтолуп жатканда ар кандай пикирлер болуп, мен башка партияга кеткенди туура көрдүм. Эмне үчүн "Замандаш" партиясы? Анткени мигранттар үчүн күйгөн жалгыз эле партия "Замандаш" болгон. Мухтар Өмүракуновду кичинемден таанып, билчүмүн", - дейт Мамашова.