Кыргыз-Түрк кызматташтыгы: Кол коюлган документтердин тизмеси

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында ар кыл тармактарда кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Эки өлкөнүн лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Мындан тышкары төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин жаатында макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосунда автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду түзүү жана алардын иштеши жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— 2018-жылдын 9-апрелиндеги Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө протокол;

— Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы протокол жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасы менен Түркиянын стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү.

Ошону менен бирге тараптар эки өлкөнүн президенттеринин администрацияларынын ортосунда расмий иш сапардын алкагында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан