Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапары бүгүн, 11-июнда жыйынтыкталды. Маалыматты президенттик администрациядан кабарлашып, өлкө башчысы Бишкек шаарына кайтып келгенин белгилешти.
Иш сапардын биринчи күнү:
Мамлекет башчысынын иш сапары Анкара шаарындагы "Аныткабир" мемориалдык комплексине Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар коюу менен башталды.
Андан ары Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен тет-а-тет форматында жолугушуп, эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына катышты.
Өлкө башчылары кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Садыр Жапаров жана Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты. Ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты.
Иш сапардын экинчи күнү:
Түркиянын соода палаталары жана товардык биржалар бирлигине (СПТББ) барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышуудан башталды. Анда мамлекет башчысына Экономика жана технология университетинин "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды.
Садыр Жапаров ири түрк ишкерлеринин өкүлдөрүнүн астында сөз сүйлөдү. Президент ак ниет инвесторлордун демилгелерин колдоого жана аларга максималдуу жардам көрсөтүүгө толук даяр экендигин билдирди.
Андан соң мамлекет башчысы Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту.
Ошондой эле Түркиянын ар кайсы шаарларында жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.