Биз социалдык тармакта

Министрлик: Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну болуп жаткандыгын расмий тастыктады. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

"Кыргыз өлкөсүндө коронавирустун алгачкы учуру 2020-жылдын 18-мартында катталган. Жыл ичинде илдеттин эки толкуну катталган.Оорунун эң бийик көрсөткүчү өткөн жылдын июль айында болгон. Экинчи толкуну октябрь-ноябрь айларында байкалган. Тилекке каршы, бүгүн үчүнчү толкун болуп жатат.

Эпидемиологиялык кырдаалга күн сайын көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында, апрель айынан баштап оорунун көбөйгөнү байкалууда. Эң жогорку көрсөткүч акыркы жети күндө байкалды. Министрлик мекендештерге элементардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так аткарууга чакырат", - деген Рахматуллаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuban-1207
2021-06-15 13:56:13
Толкун полкунун жок эле оору кудай берген оору
+1
munarbek.92
2021-06-15 14:03:44
Толкунунар сериал болуп кеттиго анжелика менен коронавирустун толкуну сериал 1.2.3
+1
baisogur
2021-06-15 14:36:38
Маска кийип жургуло озунордун Жана башканын ден-соолукта жургонун кааласанар оору менен ойношпогула кудай башка салбасын бул оору бар адамдын организимине карап жыгат мага барибир дегенди токтотуп эки Жака чыкканда маска менен журолу мен ооруп былтыры 7кундо ордуман турдум вирус бар абайлайлы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан