Балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн бир тууганы президентке кайрылуу жасады

Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон 12 жаштагы Игорь Якуниндин бир тууган агасы Богдан Якунин видео кайрылуу жасады. Анын президентке кайрылуусу интернетке жарыяланды.

Ал каргаша орун алардан бир күн мурда жана андан кийинки окуялар туурасында кеңири айтат. Ошондой эле тергөөчүлөр аны жабыркаган тарап деп эсептебегендигин, балдар үйүнүн директору ишти жашырууга аракет кылып жатканын белгиледи. Ал президенттен бул ишти жеке көзөмөлүнө алууну өтүндү.

"Мага инимдин каза болгону туурасында 2-июнда кабарлашты. Мени жабырлануучу тарап катары эсептебегендиктен кандай экспертизалар дайындалганын билбейм. Бул маселе боюнча мен балдарды коргоо бөлүмүнө кайрылдым, бирок алар мага жардам берүүдөн баш тартышты. Урматтуу Садыр Жапаров, мен сизге жардам сурап кайрылам. Менин сизден башка кайрыла турган эч кимим жок", - деди ал.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала версия бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан.

Маалымат коомчулукка белгилүү болгондон кийин Акыйкатчы институту интернаттын директорун иштен четтетүүнү талап кылган. Ошондой эле мекемеден каза болгон өспүрүмдү АКШнын жарандары асырап алууга ниеттенип жүргөнүн, алар окуя болгонго чейин 4 жолу жолукканын кабарлашты.

Окуянын бардык жагдайларын кылдат, объективдүү иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Чүй ОИИББи каза болгон өспүрүмдүн денесинде зомбулуктун белгилери болбогонун маалымдаган. 17-июнда билим берүү жана илим министринин орун басарына сөгүш берилген. Андан кийин Билим берүү жана илим министрлиги окуянын хронологиясы менен тааныштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
pero5184
2021-06-21 09:39:39
Өкүнүчтүү
+1
Beka1986
2021-06-21 11:04:15
Жалко
+1
Aky12
2021-06-21 12:02:44
АКШ асырап алмак дейт,ошого чейин жакшылап козомолдоп турушса жакшы болмок,бейкуноо жаш баланын олумуно ким куноолуу болсо,убалы уктатпасын
0
jindirak
2021-06-21 14:52:14
Мен сизге президент катары кайрылам дейби
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан