"Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборун жоюп салуу артка чегинүү болуп эсептелет" дейт борбордун директору

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков болду.

Ал аталган борборду жоюп салуу боюнча айтылган сунуштар тууралуу пикирин айтты.

"Финансы министрлиги былтыр жыл аягында борборду Акыйкатчы институтуна кошуу боюнча сунушун айтты. Жетишкендиктерге жетип алып, артка кайткан туура эмес. Бийикке жетүү эмгекти талап кылат, бирок ошол жерде карманып туруу андан эки эсе эмгекти талап кылат. Мисалы спорт чеберлерин алып көрөлү, чоң жетишкендиктерге жетет да ошол жерге туруп калбай, кайра артка чегинип кетет да. Биз дагы адам укугу жаатында жакшы жетишкендиктерге жеттик. Биздин жакын кошуна өлкөлөрдүн укук коргоочулары бизди суктануу менен карашат. Силердин ушунчалык жетишкендиктериңер бар деп айтышат. Борборду жоюп салуу же башка жакка кошуп салуу артка чегинүү болуп эсептелет", - деди ал.

"Дүйнө жүзү адамзат 2 укуктан такыр ажыратылбашы керектигин тааныган" дейт Бакыт Рысбеков
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан