SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев болду.
Анда ал абакта отуруп ыр жазганын айтты. "Мен бала кезден анча-мынча ыр жазып калчумун. Мугалимдерим "сени физика бузуп койду окшойт, сенден чоң акын чыкмак" деп айтып калышчу. Абакта отурганда ырларды жазып калдым.
"Чыдамкайлык, ак ниет атамдан калган салт болду,
Элди, жерди сүйүү апамдан калган нарк болду" - деген саптарды жазгам.
Абакта жатканда туугандарымдан, балдарымдан ар кандай сөздөрдү угуп жаттым. "Карыганда бул нерселердин эмне кереги бар эле, элге окшоп оокат кылса болмок" деп айтышты. Ошолорго жооп кылып жогорудагы саптарды жаздым", - деди ал.
Эске салсак, Осмоналиев Садыр Жапаров камакта отурганда аны колдоп митингде модератор болгону үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан 2020-жылдын март айында камакка алынган.