Бекболот Талгарбеков өлкөнүн тунгуч президенти Аскар Акаев менен кантип таанышып калганын айтты

#ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков болду.

Талгарбековго "Аскар Акаев менен кайдан, кантип таанышып, кандайча шакирти болуп калдыңыз эле" деген суроо узатылды.

"Аскар Акаев менен жеке тааныштыгым жок. Биринчиден жердеш эмеспиз. Ал Кеминден мен Кочкордон. Экөөбүздүн уруубуз дагы башка. Ал сарбагыш, мен саяк. Мен академияда иштеп жүргөн убакта айыл-чарба боюнча гезитке материалдарды чыгарып турчумун. Аны окуп калчу окшойт, мени өзүнө чакырды. Бирок мамлекеттик жумушка иштейин деген оюм жок эле. Докторантурага окуюн деп даярданып жүргөм.

Анан Акаев менен сүйлөшүп, аягында "мага кызматка өт, мага жардам бер" деди. Эми президент чакырып сунуш айтып жатса деп анан кызматка өттүм. Ошентип 1991-жылы таанышып калгам", - деп жооп берди Талгарбеков.

Бекболот Талгарбеков: "Акаев кыргыз элин ачкачылыктан, жакырчылыктан алып чыккан"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal10
2021-12-30 13:03:34
Кантип деген суроо туулат. Кантип жакырчылыктан алып чыккан имиш?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан