Америкалык окумуштуулар 90 мүнөттүн ичинде коронавирус инфекциясын аныктай турган бет кап иштеп чыгарышты

Америкалык окумуштуулар 90 мүнөттүн ичинде коронавирус инфекциясын аныктай турган бет кап иштеп чыгарышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, экспресс-анализдин жыйынтыгы колдонуучунун купуялыгын камсыздоо үчүн бет каптын ички бетинде гана көрсөтүлөт. Технологиянын маңызы - бет капта башка вирустарды табууга ыңгайлаштырыла турган, кичинекей бир жолу колдонулуучу сенсорлор бар. Башкача айтканда, бул технология ар тараптуу.
Сыноо учурунда көрсөтүлгөндөй, сенсорлор бет каптарга гана эмес, кийимдерге да, мисалы, лабораториялык пальтолорго да киргизилет. Бул медицина кызматкерлеринин ар кандай оору козгогучтарга дуушар болушун көзөмөлдөөнү бир топ жеңилдетери айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2021-07-02 00:23:10
Очередной жомок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан