Бүгүн, 8-июль күнү саат 17:00 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасында эки тараптын чек арачыларынын арасында ок атышуу болгон. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын атчандардын чек ара отряды Баткен облусунун Лейлек районундагы Наумин ашуусу аймагында Кыргыз-Тажик чек арасында кызмат өтөшүүдө. Алар Чашмагил ашуусунан күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салуусуна дуушар болду. Аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу болгон.
Ал эми жабыркагандар боюнча маалыматтар такталып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин ок атышуу болгонун Тажик басылмалары жазып, анда Кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын жазып чыгышкан.