Ысык-Көлдө отун тергени кетип дайынсыз болуп жаткан кызды 27 куткаруучу издеп жатат

15-июлдан бери Ысык-Көл облусунда отун тергени кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Казакстандын жаранын издөө үчүн 27 куткаручу иш алып барууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

"Дайынсыз болуп жаткан 1992-жылы туулган К.В. аттуу кыз акыркы жолу Каракол дарыясынын жээгинде болгон. Учурда дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө-иштерине 27 куткаруучу тартылды. Бүгүн, 18-июль күнү издөө иштери улантылууда", - деп билдиришти ӨКМдан.

Дайынсыз болуп жаткан кыз Каракол-Алакөл жайлоосунда үй-бүлөсү менен эс алып жүрүп, отун тергени кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn10076
2021-07-19 10:36:27
Табылдыбы жоголгон кыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан