Кечээ, 15-июлда Ысык-Көл облусунда Орусиянын жараны отун тергени кеткен бойдон дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Ак-Суу районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө К.А.В. аттуу Орусиянын жараны арыз менен кайрылган. Анда ал 15-июль күнү үй-бүлөсү менен Каракол-Алакөл жайлоосунда эс алып жүргөндө 1992-жылы туулган кызы отун тергени кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун айткан", - деп билдиришти ӨКМдан.
Учурда Ак-Суу районунан 12 куткаруучу, Каракол шаарынан 5 куткаруучу, жалпы 15 куткаруучу жана ИИМден 15 кызматкер менен биргеликте издөө иштери жүргүзүлүүдө.