Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Жолугушуу Түркмөнбашы шаарындагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында өткөнүн президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, анын ичинде соода-экономикалык байланыштар, Түркмөнстандан Кыргыз мамлекетине жаратылыш газы менен электр энергиясын импорттоо, туризмди өнүктүрүү жана башка маселелерди талкуулашты.
Гурбангулы Бердымухамедов кылдат, натыйжалуу жолугушуулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн, кызматташуунун келечектүү багыттары мерчемделген аталган расмий сапардын жыйынтыктарын канааттануу менен белгиледи.
Аталган өлкөнүн президенти консультативдик кеңеш Кыргыз жергеси менен Түркмөнстандын ортосундагы гана эмес, региондук деңгээлдеги башка бир тууган өлкөлөр - Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине жакшы түрткү берет деген ишенимин билдирди.
Айтымында, консультативдик жолугушууда региондогу өлкөлөрдүн лидерлери көптөгөн актуалдуу маселелерди, анын ичинде региондук мүнөздөгү жана эл аралык деңгээлдеги күн тартипте турган маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүктөрү бар.
Президент Садыр Жапаров түркмөн тараптын кыргыз делегациясын салт болуп калган жылуу кабыл алуусуна, көрсөткөн меймандостугуна ыраазычылык билдирди. Кыргыз тараптын эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү үчүн бардык чараларды көрүүгө даярдыгын ырастады.
Президент Садыр Жапаров энергетика, соода, транспорт, транзит сыяктуу олуттуу маселелер, ошондой эле заманбап коркунучтарга каршы туруу жамааттык пикир алышууну жана аларды чечүүнүн жолдорун издөөнү талап кыларын кошумчалады.
Эки өлкөнүн лидерлери мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен пландарды белгилеп, ар кыл тармактарда өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.