Бир сутка ичинде 15 медицина кызматкери коронавирус илдетине кабылганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статистикалык маалыматында айтылат.
Бишкекте – 8;
Баткенде – 3;
Жалал-Абадда – 1;
Ысык-Көлдө – 2;
Ош облусунда - 1.
Республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдетине медицина тармагынын жалпы 6 миң 603 кызматкери кабылса, анын 6 миң 103ү айыгып чыкты.