Жалал-Абадда 2006-жылы туулган өспүрүм сууга агып кетип изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2006-жылы туулган өспүрүм сууга агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-август күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн Комсомол айылын аралап өткөн Кемпир-Абад каналына 2006-жылы туулган Д.М. аттуу өспүрүм агып кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.
Издөө иштерине Сузак районунан 5 офицер, 22 куткаруучу, Жалал-Абад шаарынан 4 куткаруучу жана суучул тартылган.
Жалпы ӨКМ тарабынан 32 кызматкер тартылган.
Бүгүн, 9-август күнү саат 07:20да жеринде издөө иштери башталды. Издөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан