Улуу Британияда акыркы бир сутка ичинде 33 миң 74 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянуу менен чет элдик басылмаларда жазылды.
Андагы маалыматка караганда, 12-августка карата 33 миң 74 жаран коронавирус инфекциясын жуктуруп алса, 94 адам каза болгон. Ал эми пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан 6 миллион 100 миң адам бул илдетти жуктуруп алган. Коронавирустук инфекциядан каза болгондордун жалпы саны 130 миң 701ге жетти.