Мен көргөн бир күн: "Бири жылаңач келинди атка сүйрөп өлтүрүп, экинчиси жаңы жыл күнү аялын оозго чаап өлтүргөн кылмыштарды тергедим"

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.

Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Нарын облусунун Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн улук тергөөчүсү Казыбек Абакиров айтып берет.

Каарманым өзү жаш болсо дагы кесибине байланыштуу ары кызыктуу, ары татаал окуяларды башынан өткөргөн. "Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет" деген сыңары Казыбек Абакиров бул тармакта 2012-жылдан тарта эмгектенип келет. Ал 1994-жылы Нарын районунда жарык дүйнөгө келген. 2012-2016-жылдары ИИМ академиясын ийгиликтүү аяктаган.

Маектешим интернет желесине желдей тарап, резонанс жараткан окуялардын көшөгө артында кандай иштер жасалат, кандай кыйынчылыктар болорун айтып берди.

"Ушул жылы Кочкордо 22 жаштагы келин күйөөсү тарабынан атка сүйрөлүп өлтүрүлгөнүн көбү укса керек. Бул ишти башынан баштап мен тергедим. Адашпасам, 22-январь күнү бизге адам өлүмү боюнча билдирүү түшкөн.

Каза болгон келин Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну болчу. Атасы жок, апасы, анан иниси бар. Ал бала менен 22-декабрда телефон аркылуу таанышкан экен, 28-декабрь күнү экөө Жаңы жыл тособуз деп жолукмай болушат. Кочкорго келип Ак-Кыя айылында жайгашкан сарайга барышкан, анан 22-январга чейин чогуу жашап жүрүшөт. Ошол күнү экөө тең спирт ичимдигин ичишип, пикир-келишпестиктен улам ортосунда чыр чыккан. Биринчи бала кызды үйдүн ичинен ур-токмокко алат, кыз качам деп эшикке качып жөнөгөндө үйгө сүйрөп келип сабайт. Анан дагы качып кетпесин деп жылаңач кылып чечиндирип салган, буга карабастан кыз сарайдан жылаңач бойдон качып жөнөгөн. Бала артынан ат менен кууп барып сабап, бутунан жип менен байлап болжол менен 30 метр аралыкка сарайга чейин сүйрөп барган. Анан үйгө алып келип жип менен байланган абалда жылаңач бойдон үстүнө төшөк жаап жаткырып койгон. Айыпталуучу өзү ушул үйдө түнөп, эртең менен туруп кыздын каза болуп калганын көргөн. Ошо менен жол тосуп Ошту көздөй качып кеткен.

Кошумчалап кетсем, ошол учурда бул окуя интернетке чыкканда кызды денесин сатып иштеген деп шектүүнүн айтымы боюнча чыгарып жиберишкен, бирок тергөөдө кыздын андай жерде иштегендиги аныкталган эмес.

Ошентип иш козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан ал издөөгө алынган. Өзү соттолуучу Баткенден болот, бирок көп узабай Оштон табылган. Кармап келгенден кийин кылмышкердин бардыгы эле жасаган ишин моюнга албайт да, бул дагы ошондой кылды. Кийин сурак учурунда моюнга алып, жасаган кылмышын жеринде көрсөтүп берген. Иш сотко кетип, өмүр бою эркинен ажыратылды", - деп эстеди ал.

Бул окуяга улай эле дагы бир резонанс жараткан окуяны айтып берейин деп калды. Ал "2019-жылы Жаңы жылды өлүкканада тосконбуз" деп буларга токтолду:

"2019-жылы 31-декабрь күнү күйөөсү жубайы менен Жаңы жыл тосолу деп даярданып кадимкидей эле жүрүшөт. Ошол күнү жолдошу спирт ичимдигин ичип алып, келинчеги менен акчанын айынын уруша кетишет. Пикир келишпестиктен улам ал келинчегин ооз тушка муштум менен чапканда полго башы менен катуу тийип, мээнин кан тамырлары үзүлүп кеткен экен.

Ал жерден күйөөсү кечирим сурап, экөө тамагын ичишип, келинчеги жуунуп саат 23:00дөрдө эле чарчадык деп жатып алышат. Анан жанында жолдошу жубайына сүйлөп, суроо берсе жубайы унчукпайт барып кыймылдатса эле жан жок. Жолдошу кошуналарын чакырат.

Ошентип Жаңы жылга 15 мүнөт калганда, РИИБге Жаңы-Жол айылынын тургуну келинчегин өлтүрүп койгон деген билдирүү келип түшөт. Биз окуя болгон жерге барганда үйдө төшөктөн жаткан жеринен аялдын жансыз денеси табылган. Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзгөндө ооз жагында көк ала болгон. Башка жеринде жаракат жок болчу.

Аны өлүкканага алып келип, сыртка чыксам эл жардыргыч аттырып Жаңы жылды белгилеп жатышыптыр. Ошентип Жаңы жылды жумуштан өткөргөнбүз.

Сурак учурунда күйөөсү 5 маал намаз окуй турганын билдирип, ошол күнү кант диабети көтөрүлүп элдин айтуусу менен спирт ичимдигин ичип этиятсыздыктан ушул иш болуп кеткени айтып берген. Натыйжада ал 12 жылга эркинен ажыратылган. 3 баласы келинчегинин ата-энесинде калган", - деп сөзүн жыйынтыктады улук тергөөчү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mister-XXX
2021-08-23 13:37:00
Көк мээлер!Эркектин урганына назик аялдар чыдай албашын билишпейби?Эгер жини келсе алакан менен чапсын,андан эч нерсе болмок эмес.Өлтүрө ургандай аялын душманбы?Душман деп санаса,ажырашып эле кет.Өлтүрүп салбай...
+16
jaz99
2021-08-23 15:47:49
Бардык эркектер эмес копчулук эркектерде аялдын сыфаттары кобойуп кетти эркектик сапат жок аялга тенелип ушак суйлоп калышкан таза нукура эркек болгула анан биз суйобуз
+4
Nina.alex
2021-08-23 19:55:33
jaz99,сыфат эмес сыпат
+2
Erlan_95
2021-08-25 12:05:50
Атка суйролгон келиндин торт баласы бар, куйоосу олтурду деп журду элн го?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан