Мен көргөн бир күн: "Өзүңдү өлтүрүп, үйүңдү өрттөп кетем дегендер болот"

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурунда башынан өткөргөн, өмүр бою эстеп айтып бере турган окуяларын чагылдырууну улантат. Бул жолу "Мен көргөн бир күн" рубрикасында Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн улук инспектору Бакбүбү Аалиева кызмат учурундагы окуялары менен бөлүшөт.

“Эл менен иштешип, алардын сөгүшүн дагы, алкышын дагы угуп иштеп келе жатканыма быйыл 7 жыл болот. Салык тармагынын ашканасына 2016-жылы аралашып, ошондон бери ушул тармакта кызмат өтөп келем” деген Бакбүбү Аалиева 1992-жылы 19-майда мугалимдердин үй-бүлөсүндө Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа айылында туулган. 1998-жылы Керимбай уулу Сарыбай атындагы Эмгек-Талаа орто мектебине 1-класска барган. 2007-жылы Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы соода-экономика колледжине тапшырган. 2010-жылы аны ийгиликтүү аяктап, ушул эле окуу жайдан жогорку билим алган. 2012-жылы "Манас" эл аралык аэропортунун “Duty-free” зонасында, 2015-жылга чейин менеджерлик кызматты аркалаган. 2015-2016-жылдары Кыргызстандын белгилүү зер буюмдар компаниясы "Келдикенин" Алматы шаарындагы официалдуу өкүлү болуп иштеген. 2016-жылдан бери Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик Салык кызматында иштейт. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын апасы.

Сабырдуулукту, жоопкерчиликти талап кылган түйшүктүү, ошону менен катар сүйүктүү жумушу болгон инспекторлук кызматка ата-энеси түрткү берип иштеп калган. Жакында эле кадрдык сынактан өтүп, эки баскычка өйдө, тагыраагы улук инспектор кызматына дайындалганын сүйүнүү менен айтып, маегин алгач кызматы тууралуу баштады каарманым.

“Мен негизи бала чакта көп адамдар сыяктуу дарыгер болууну кыялданчумун. Ак халат кийип, бейтаптарды дарылоо жана алардын акыбалын сурап, жардам бергенди элестетет элем. Тилекке каршы, кандайдыр бир себептерден улам ал кесиптин ээси болбой калдым. Ата-энем болбогондо, балким бул кесиптин да ээси болмок эмесмин. Алар мамлекеттик кызматкерлер, өмүрүн мамлекетке арнагандар. Мындан улам эки жыл чет жерде иштеп келгенден кийин менин да мамлекеттик кызматка иштегенимди каалашты. Аларды көрүп чоңойгонгобу, мен үчүн бул кызматты аркалоо оорчулук туудурган жок. Ошондуктан иштеп көрөйүн деп алгач стажёр болуп келип, кийин сынактан өтүп инспектор болуп иштеп калдым. Ушул жылдар аралыгында ишти так аткаргандыгым менен өзгөчөлөнүп, Ленин райондук салык кызматынын Ардак грамотасы жана Ленин райондук акимиатынын Грамотасы менен сыйландым”.

Аркалаган ишине байланыштуу тейлеген айрым кардарлар тарабынан коркутуулар болуп каларын, мындан улам ал психолог болуп калганын, бирок аталган кызматка салык кызматчыларынын формасына гана кызыгып келгенин айтты.

“Кызмат учурунда түрдүү окуяларга туш келебиз. Себеби ар кандай салык төлөөчүлөр бар. Айрыкча биз, кыргыздар маанайга жараша иш кылып же мамиле кылат эмеспизби. Мисалы, кандай маанай менен келсе, бизге ошондой мамиле кылган учурлар көп. Эми кээде “Саламатсызбы. Мага ушундай маалым кагаз керек эле” деп сылык кайрылгандары да бар. Ачыгын айтканда, мындай окуялардан улам психолог да болуп калдык. Келген салык төлөөчү мага кайрылар замат ага эмне керек экендигин, кандай маанайда экенин туюп (күлүп). Мамлекеттик кызматкер болгондон кийин бардык салык төлөөчүлөрдү жакшы маанайда тейлегенге аракет кылабыз. Кээде биз тараптан да кеткен мүчүлүштүктөр болот. Ага жараша кээ бирлери ар кандай сөз менен сөгүп кетсе, айрымдары алкыштарын билдирет. Мисалга алсак, салыгын төлөбөй, отчётторун бербей жүргөндөр болот. Чындыгында алар атайылап кылбайт, маалыматы жоктугунан билбей калышы мүмкүн. Мындан улам болгон ачуусун бизден чыгарып “Силерди өрттөп, жардырып кетем. Үйүңө барып сени өлтүрүп кетем” дегендер болот. Ал эми кээ бирөө рахмат айтып, ыраазычылык билдирип кетет”.

Кесиптин аркасында жолдошу менен таанышып, турмуш курган. “Мен үчүн жашоодогу эң чоң жетишкендигим бул үй-бүлөм болду. Кээде жумуштан кеч барып балдарыма, жолдошума жарытарлык көңүл бөлө албай калган учурларым болот. Ошентсе да мыкты жубай, мыкты эне болгонго аракет кылам” – деген каарманым жумуш учурундагы капаланткан ошону менен катар кубандырган учурларын мындай баяндады.

“Биз бирдиктүү терезенин талабы аркылуу салык төлөөчүлөр менен иштешебиз. Алар келип каттоого туруп, маалым кагаздардын түрлөрүн, патенттерди алышат. Эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин элдин кызматында болобуз. Ошондуктан биздин ар бир күнүбүз кызыктуу окуяларга бай. Бизге түндөп деле аудио, видео чалуулар менен кабарлашышат. Бир жолу бизде эле бухгалтер кызматында иштеген, 60-65 курактагы апа маалым кагаз алмак болчу. Бирок унутуп кетиптир. Ошол эле күнү түнкү саат 12де уктап жаткан жеримен чалып “Маалым кат бересиңби?” деп калды, мен күлүп “апа, азыр кайдагы маалымат кат, эс алайында, эртең менен берейин”- дедим. Ошентип эртеси жумушка келип эле түндө сураган маалым кагазын берген элем.

Мындан тышкары салык төлөөчүлөр алар төлөгөн акчаны биз чөнтөккө салып, үйүбүзгө алып кетип бара жаткандай ойлошот. Болбосо мамлекеттин бюджетине түшөт. Биз жөн гана аткаруучубуз, мыйзамга баш ийебиз. Буга тийиштүү жакында эле бир окуя болду. "Кесиптештер болуп түштөнүүгө баратсак, бир салык төлөөчү “Акчанын баарын жыйнап алып тамак ичкени кетип жатышкандарын” деп сүйлөндү". Ошондой учурда жооп кайтарып, аябай айтышкын келет. Бирок мамлекеттик кызматкер болгондуктан сабырдуулукту сактап, унчукпай күлүп гана өттүк. Мамлекеттик кызматтын тузу оор болот экен, ар кандай сөз уксак да иштеп жүрөбүз”.

Мамлекеттик кызматтын жакшы жери эмгегин бааланат деп эсептеген каарманым Ленин районундагы салык башкармалыгынын жетекчисине, орун басарына ыраазы. “Бирде маанайыбыз көтөрүлсө, бирде чөгөт. Ошондой маалда түшүнүп, кызматкерлердин жумушун баалагандыгы сүйүнтүп турат”, – деп жыйынтыктады баянын маектешим.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан