SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларынын бирин баяндайт.
Биздин кезектеги маегибиздин коногу ИИМдин Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Тилек Исаев. Ал 16 жылдык иш тажрыйбасындагы эсте калган ары кызыктуу, ары кейиштүү окуялары менен бөлүштү.
Убакытты талап кылган иш менен алектенген каарманым айрым учурда жөн эле таанышуулар, чоочун адамдар менен байланыш түзүү кылмыштын бетин ачууга мүмкүнчүлүк түзөт дейт. Биз коногубуздан дал ушундай окуялардын бирин айтып берүүсүн сурандык.
"Мындан 7 жыл мурда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная-Речка айылында Нооруз майрамы болгон күнү түн ичинде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Билдирүү нөөмөт бөлүмгө түшөрү менен жерине кызматкерлер барып, окуя болгон жерден аялдын жансыз денесин табышкан. Ошол күнү жамгыр жаап турган. Бул ишти иликтөөгө кылтак табууга мүмкүнчүлүк жокко эсе болчу. Анткени окуя болгон жерден унаанын жарык берүүчү бөлүгүнүн жана ак түстөгү краскасынын кичине сыныктарынан башка эч нерсе калбаптыр.
Ал эми алган жаракатынан улам аял киши окуя болгон жерден каза болгон, жалгыз бой, бир уулду тарбиялап жүрүптүр. Кырсык болгон күнү аял дүкөндөн нан алып келүүгө чыгып, жолдун четинде келе жатканда унаа сүзүп, 50 метрден алыскы аралыкка чейин сүйрөп кеткен.
Ал учурда мен Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын издөө бөлүмүндө эмгектенип жүргөм. Бул иштин бетин ачуу биздин кызматтык милдетибиз болчу. Биз жолдун боюнда жайгашкан май куюучу станциялардын, дүкөндөрдүн баарын кыдырып, андагы видеобайкоонун бардыгын карадык. Кылмыш болгонго чейин жана андан кийинки бир сааттык убакытты көрүп чыктык. Жолдун боюнда жайгашкан дүкөндөрдүн биринде соода кылып, көңүл ачкан балдар окуя болгон тарапка ак түстөгү Ниссан унаасы менен багыт алганына көңүл бурулду. Анткени окуя болгон жерде Япония мамлекетинен чыгарылган ак түстөгү унаанын тетиктеринин сыныктары табылган эле. Ошентип айылдагы ак түстөгү унааларды, Ниссан үлгүсүндөгү (түсү башкаларды дагы) машиналардын баарын текшерип чыктык. Мындан майнап чыкпай, Кыргыз өлкөсүндө каттоодо турган 600дөн ашуун Ниссан унаасын кароого өттүк, жыйынтык жок. Машинаны кошуна өлкөлөрдүн бирине чыгарып кетиши толук мүмкүн деп көзөмөл-өткөрүү жайларына кайрылдык. Тиешелүү уруксаттарга ээ болгондон кийин Казак Республикасына өткөн “Актилек” көзөмөл жайындагы видеокамераларды карап чыктык. Андан ак түстөгү Ниссан унаасы окуя катталган убакыттын аралыгында чек арадан өтүп жатканын көрдүк, бирок унаанын урунуп же урунбаганы жакшы көрүнбөй калган".
"Күндөрдүн биринде баягы тааныш болуп калгандардын бири (кыз киши) "сиздин жардамыңыз керек эле, колуңуздан келеби?" деп сурады. Менин кайда иштээримди билет, мыйзамдын негизинде жардам бере аларымды айттым. Ал мурдагы жигитинен өч алып берүүсүн өтүндү, бир жарым жыл мурда болгон жол кырсыгы тууралуу окуянын чекесин кылтыйтат Алтынай (аты өзгөртүлдү).
Алтынай бир жылдан ашык убакыт бир жигит менен сүйлөшүп, ага турмушка чыкмакчы болгон. Жигити "сага үйлөнөм" деп алдап жүргөн. Кыз-жигиттер Бишкек шаарына келишип Нооруз майрамын белгилешип, кайра үйлөрүнө бара жатканда жолдон аялды сүзүп, кырсыктын кесепетинен жабырлануучу каза болгон. Алтынай жолдо келе жатканда жигитинен бир канча жолу унааны акырын айдоосун суранганын айтып ыйлады. Айдоочу кылмыш изин жашыруу максатында унаанын сынган тетиктерин, алдыңкы терезесин, айтор бары-жогун алмаштырган. Көрсө, унаанын үлгүсү Ниссан эмес, Хонда Степ экен. Айдоочу ата-энесине жолдун боюндагы электр мамычасын сүзүп алганын айтып, мал союп, түлөө өткөргөн экен. Кийинчерээк, Алтынайды таштап башка кызга үйлөнүп, ошол айылда эле жашап жатыптыр. Эсиме баягы окуя түштү, кызга күбө болуп берүүсүн, окуянын кандай болгонун, кайсы техникалык тейлөө жайларында унааны оңдоо иштери болгонун көрсөтүп берүүсүн айттым. Кыз мурдагы жигити камалып кетерин билип, бир далайга ойлонду. Бир канча убакыттан кийин күбө болууга макул болду.
Ошентип кыздын айтып, көрсөтүп бергендеринин негизинде материалдарды чогултуп баштадым. Техникалык тейлөө жайында унаанын кайсы тетиги алмашытырлганы, кайсы тетигине краска берилгенине чейин тастыктап беришти. Тийиштүү материал чогулгандан кийин баягы жарандын үйүнө барып, милиция бөлүмүнө алып келдик. Башында күнөөсүн такыр моюнга алган жок. Качан гана мурдагы сүйлөшкөн кызынын документинин көчүрмөсүн алдына койгондо ыйлап, кечирим сурап, кылган күнөөсүн моюнга алды".
Бул иш ошентип сотко өтүп, айдоочу 4 жылга эркинен ажыратылып камалды.
Жол-транспорт кырсыктарынын көпчүлүгү жол кыймылынын эрежелерин атайылап одоно бузуу менен байланыштуу: ылдамдыкты сактабоо, жүрүү ырааттуулугу, кыймылдын каршы тилкесине чыгуу, аралыкты туура эмес тандоо, жөө адамдар өтүүчү жолдон өтүү эрежелерин бузуу, мас абалында унаа башкаруу, жөө жүргүнчүлөр дагы эреже бузуучу болуп саналат. Жол-транспорт жаракатына туруштук берүү - бул бүтүндөй коомдун, ошондой эле ар бир жол кыймылынын катышуучусунун милдети. Жол кыймылынын эрежелери - бул жашоо мыйзамы! Жол ар дайым коркунучка толгон, өзүнө-өзү ишенип шалаакылык кылууга болбой турганын эстен чыгарбашыбыз керек.