SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат.
Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын жарандык коргонуунун аскерлерин жана күчтөрдү даярдоо башкармалыгынын улук офицери, майор Алтынбек Тухтаров айтып берет.
Каарманым 1990-жылы Сүлүктү шаарында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы. Аскер адамы болууга кызыгуусу жаш кезинен эле пайда болуп, 2008-жылы Бишкек шаарындагы Калыйнур Усенбеков атындагы аскер институтуна тапшырып, 2012-жылы алгачкы “Лейтенант” офицердик наамга ээ болуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштей баштаган. Тажрыйба жана билим деңгээлин жогорулатуу максатында Орусиянын Москва шаарындагы Жарандык коргонуу академиясында эки жыл ичинде билим алып, тажрыйба алмашып, артыкчылык диплому менен аяктаган.
"Кызмат өтөө учурунда күжүрмөн кызмат жүргүзүү менен биргеликте жеке жашообузду тобокелге салган учурлар да кездешет, аны менен биргеликте эсте калчу жана сабак алчу учурлар да бар. Бир жолу куткаруу кызматына “сууга чөгүп кеткен жаранды издөө иштерин жүргүзүү” тууралуу кайрылуу келип түштү. Кабарды кабыл алган соң окуя болгон аймакка барып, чөктү делген жаранды күбөлөрдөн сурап, издөө иштерин жүргүздүк. Бирок жыйынтык болбогондуктан жабырлануучунун жакындарын да чакырдык. Алар келген учурда бизге күбө катары көргөзмө берген жаран жабырлануучу болуп чыкты. Ал үй-бүлөсүнө таарынгандыктан жана эмоцияга алдыргандыктан бул кадамга барганын түшүндүргөн", - деп эстеди ал.
"Биздин жумушта “Бир мүнөт эрте келип калсак, балким, тирүү калар беле” деген учурлар да көп болот. Ун чыгаруучу комбинатта, персоналдын өз милдетин шалаакылык менен аткаруунун кесепетинен эки жараныбыз өлүмгө дуушар болгон. Чакыруу боюнча белгиленген аймакка барсак, эки адам ун чогултуучу бункерди тазалап жатып түшүп кетишиптир. Жабыркагандарды алып чыгып, биринчи жардам көрсөтүп медицина кызматкерлери менен биргеликте "Тез жардам" унаасында жасалма жол менен дем алдырууга аракет жасап, тилекке каршы, жасаган иш-аракеттерибиз кеч болуп калганын өкүнүч менен кабыл алгам. Мен үчүн “Дача-Су” окуясы өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюуга катышкан эң эле каргашалуу окуя. Уйкудан кайра ойгонбой калууну, түбөлүк уйкуга кетүүнү эч кимге каалабайт элем. Төшөктө уйкуда жаткан абалында көп адам шейит кеткен. Бир күндө 35 адамдын сөөгүн чогултканбыз. Кандуу карагашада чарчап калган 12 бала, төрт айга эми толгон Раяна, ата-энесиз томолой жетим калган Жакшылык менен Султан, тураксыз калган үй-бүлөлөр эсимден кетпейт".
"Өлкөбүз тоолуу аймак болгондуктан чет өлкөдөн келген туристердин саны арбын. Алар саякат учурунда түрдүү кырсыктарга туш болушат. Тоолуу аймакта чет элдик жаранды куткарууга чыгып, жабырлануучуларды таап, өз убагында керектүү жардам көрсөттүк. Бул жактан кызыктуусу ошол эки күн бою колдонгон каражаттарын жана таштандыларын өздөрү менен чогуу алып жүрүшкөн экен. Жогоруда айтылган туристтердин жасаган кадамдары баарыбызга сабак болсо, анткени биз өз жерибизди өзүбүз таштандылар менен булгайбыз".