Нурзат Айсаракунова 1996-жылы 13-февралда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Күрмөнтү айылында төрөлгөн. 2014-жылы мектепти ийгиликтүү аяктаган. "Мектепте окуп жүргөн кезде коомдук иштерге активдүү катышып, КВН жана ар кандай сынактардан алдынкы орундарды ээлеп жүрдүм. Андан сырткары тарых сабагына кызыккандыктан олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарга ээ болгом. Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт дегендей мен дагы тарых жараткым келет", - деди каарманым.
"Негизи бала кезден эле милиция кызматкери болгонду кыялданып келгем, анткени таятам дагы милиция кызматкери эле. Бирок мен таятамды көрбөй калдым. Ал мен кичинекей кезимде көзү өтүп кеткен. Үйдө форма кийген сүрөттөрүн карап суктанып, мен дагы форма кийгенди самачумун. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, окуумду аяктап шаарга барарым менен турмушка чыгып кеттим. Бирок эмнегедир жүрөгүм милиция кызматкери болгонду каалап туруп алды. Бардык кыйынчылыктарга карабастан өзүмдүн максатыма жетким келди. Ошол кезде эне бактысына ээ болуп, эки кызды тарбиялап, аларга да көңүл бурганга жетиштим. Кыздарым чоңоюп калган учурда ата-энем, агаларымдын жардамы менен 2018-жылы Бишкек шаарындагы генерал-майор Жапар Шабиров атындагы окуу жайына тапшырдым. Окуумду 2019-жылы аяктап, ошол эле жылдын август айынан бери Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматында кызмат өтөп келем.
Жакында эле улук сержант наамын алдым. Ар бир аскердик наам алган сайын кубанычка батасың. Форма кийип жүрүү мен үчүн өзүнчө бир бакыт десем болот. Аны күндө болбосо да эки күндө бир үтүктөп турам. Себеби биз аскердик форманын аркасынан жетишкендиктерге жетип, элге жардам кылып, үй-бүлөбүздү багуудабыз.
Ар бир иштин жеңил жана оор жагы бар. Өзгөчө милиция кызматкеринин жумушу өтө кооптуу. Бирок кызыктуу окуяларга дагы күбө болгон учурлар болот. Канчалык жумушту сүйүп иштесең ошончолук берекесин берет эмеспи.
Бир жолу күндөгүдөй эле саптык кароо болуп, жанымдагы кесиптешим менен жергиликтүү базарга жөнөдүк. Профилактикалык иш-чараларды өткөрүп, иштеп жаттык. Кыш мезили эле, кыдырып басып баратсак контейнерлердин арасында бир адам жатыптыр. Аны карасам ичимдикке берилип кеткен киши экен. Бизди көрүп ордунан тура албай кыйналып жатты. Карасам колдору тоңуп, оозу көпкөк болуп сүйлөй албайт. Дароо "Тез жардам" кызматын чакырдык, алар келип алып кетишти.
Жаз мезгили келип калган. Базарда профилактикалык иш-чараларды өткөрүп жүрсөм, аркамдан бир добуш чыгып "Нурзат" деди карасам, жакшынакай кийинген байке турат. Мен башында тааныган жокмун, жакшылап жакындаганда ошол биз жардам берген байке экен. Аны көрүп аябай сүйүндүм, анткени ичкиликти таштап, жакшы кийинип, өзүн карап калыптыр. Мага ал байке ыраазычылыгын айтып, ошол окуядан соң ооруканага жатып дарылангандыгын, андан бери ичпей, айылдагы балдарына барып жашап жаткандыгын айтты. Мен муну менен ар бир адам адамгерчиликтүү болушу керектигин, жаныңдагы адамдарга жардам керек болсо кол сунуу керектигин айткым келет.
Жумуштан сырткары бош убактымда ыр жазам. Кыргыз тили күнүнө жана залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракесине карата уюштурулган сынакка катышып, 50дөн ашуун адамдын ичинен алдынкы орунга ээ болдум. Анда кыргыз тили жөнүндө өзүм жазган ырларым, дил баяндарым менен жеңишке жеттим. Сынактын сыйлык берүү аземи жакында болуп өттү", - деди ал.