SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн кызыктуу, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларынын бирин баяндайт.
Биздин кезектеги маегибиздин коногу адаттагыдан айырмаланып сулуулук жаатында иш алып барган косметолог, косметологиялык клиниканын жетекчиси Айнура Сагынбаева. 20 жылдан бери ден соолук, сулуулук жаатында кызмат көрсөтүп келген Айнура айым иш тажрыйбасындагы окуялар тууралуу кеп курду. Айтымында, кызмат көрсөткөндөн кийин кардарлардын ыраазычылыгын алуу сыймык.
"Кесибим боюнча дерматолог, косметологмун. Алгач дерматолог болуп "Ош базарынын" жанында кеңсе иштетип, кардарларды кабыл ала баштадым. Кардарлардын көбү кеңеш алып кетишчү. Анткени аймактардан келгендер бир жолу тийип кетели дешет. Күлкүлүү, кайгылуу деле окуялар көп болот, бирок анын баарын эстеген оңойго турбайт экен.
Эсимде, дерматолог болуп иштеп жүргөндө бир улуу курактагы эже келди. Ал өзүнө эмес, уулуна жардам берүүсүн өтүндү. Маселе уулунун жашы 30га келип калса да үйлөнбөй, кыздар менен таанышуудан тартына бергенинде экен. Тагыраагы, өңү, келбети, бою, айтор бардык жагынан төп келишкен, аскер жаатында иштеген мырза мурундун демодекоз (кенелер козгоочу оору) оорусу менен жабыркап жүрүптүр. Мурдунун үстүнө кызыл дөмпөктөр чыгып, ошондон уялчу экен. Муну дарыласа болорун айтып, апаны узаттым. Андан кийин баягы жигит келди, дарылоону баштап 1 жылга жакын убакытта айыкты. Кийинчерээк ал мырзанын үйлөнгөнүн апасы айтып, ыраазычылыгын билдирип кеткен. Ишимде ушундай ыраазычылыгын айткандар көп болот. Бул учурда чарчоону деле унутуп каласың".
Кардарлардын арасында "капризныйлары" дагы болорун, кызмат көрсөтүүдөн кийин терс пикирлерин айтып, арыз жазгандар болбой койбойт дейт маектешим. Айрым учурда ыраазы болуп кеткен кардарларды жакындары бузуп койгон учурлар кездешерин айтып, бир окуяны баяндап берди.
"Кеңсебизге "көзүмдүн сурмасын жасатам" деп бир айым келди. Клиникабыздын адистери сурма жасап бергенден кийин өзүнө жагып кеткен. Арадан 3 жылдай убакыт өттү. Баягы кардарыбызды колунда баласы бар курбусу жандап алып, кеңсебизге келди. Клиниканын ичинде чыр салып, курбумдун бир кашы ылдый, бир кашы өйдө болуп калыптыр деп кепке, сөзгө келбей ызылдап жатты. Чуу салган аял биздин кардар эмес, мурда сурмасын жасатып кеткен аялдын курбусу. Биз сурма жасаганбыз, каштын эч кандай тиешеси жок десек деле түшүнбөй койду. Клиниканын бардык адистери бирден түшүндүргөнгө аракет кылып, 3 саат алыштык. Акырында түшүндүрө алдыкпы, айтор кетти. Өзүнө жагып, бирок сыртка чыкканда үйүндөгүлөр, күйөөсү же курбусу "анча болбой калыптыр" деп койсо, жаман жасап коюптур дегендер болбой койбойт", - дейт ал.
Айнура Сагынбаева менен сүйлөшүп жатып пластикалык хирургия мырзалар арасында деле кеңири тараганын билдик. Мырзалар арасындагы эң биринчи кардары аксакал киши болгонун, ал сурмасы ылдый түшүп, гезит окуй албай калганын айтып кайрылганын кошумчалады.
"Аксакал киши пластикалык хирургияны деле билбесе керек. "Иши кылса ушуну жок кылып бер, гезит окуй албай калдым" деп кайрылыптыр. Албетте, атанын сурмасын жасап бергенбиз", - деди ал.