"Ковидсиз жашоо". Баткенде коронавирус илдетине каршы эмдөөгө үндөгөн акция өттү

Бүгүн, 2-сентябрда Баткен шаарында коронавирус илдетине каршы эмдөөгө үндөгөн облустук акция өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган акцияга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери жана биргелешкен борбордук оорукананын ак халатчан дарыгерлери, облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

"Акцияда Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы, саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбаев да сөз сүйлөп, калктын илдетке каршы вакцина алуусу боюнча маалымат берип, жалпы облустун тургундарын COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүүгө активдүү катышууга чакырды.

Соңунда акциянын катышуучулары "ковидсиз жашоо", "STOP коронавирус", "COVID-19га жер жүзүндө орун жок" деген лозунг, чакырыктар менен жөө жүрүшкө чыгышты.

Аталган акция 10 күн бою облустун бардык район, шаарларында өткөрүлөт", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан