"Сел ташкыны кайталана бере турган болсо көчүп кетүүгө аргасызбыз" дейт Исфана шаарынын тургуну (видео)

Баткен облусунун Исфана шаарында 2-майда сел жүрүп, жашоочулардын турак үйлөрүн каптап, зыянга учураткан. Буга чейин аталган аймакта табигый кырсыктын кесепетинен келтирилген зыяндын чыгымы эсептелип жатканы жана селден жабыр тарткан турак үйлөрдүн дээрлик 90 пайызы камсыздандырылбаганы тууралуу SUPER.KG порталына Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов айтып берген. Ал эми селден жабыркаган Исфана шаарынын 30 жаштагы тургуну Насирдин Маркаев окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирип, кенен маалымат берди.

- Исфана шаарында канча жылдан бери жашайсыз? Сел ташкыны кандай болду, сиз ал учурда кандай аракеттерди көрдүңүз?

- Балалыгым Бишкек шаарында өттү. Ал жактан Исфана шаарына көчүп келгениме 4 жыл болду. Азыркы тапта да ата-энем Бишкек шаарында турушат. Мен эркек бала болгондуктан, ата тегим жашаган жерге көчүп келгем. Өзүм устачылык менен алектенем. Үй-бүлөмдү ушул кесиптен тапкан адал акча, маңдай тер менен багып келе жатам. Кечээки апааттагы сел ташкыны 4 метрге чейинки дубалды жарып кетти. Суу иче турган кудук толуп, ичүүчү суу алган жайыбыз иштебей калды. Очокканабызды түп тамырынан бери суу жууп кетти. Анын ичинде 15 миң сомдук курулуш материалдары бар болчу. Алардын баары азыр жараксыз абалда. Короого дагы суу кирип, андагы көчөттөрдү да агызып кетти. Мейли, булар эч нерсе эмес, негизгиси Кудайга шүгүр 3 балам аман. Сел жүрүп жатканда аларды үйгө киргизип, өзүм суунун агымын бурууга жолго чыгып, бирок күчүм жетпеди. Суунун көлөмү өтө чоң болду. Сел ташкыны агызып кетерине көзүм жетип, бийик тосмого секирип чыктым. Ал жактан кол телефонума видеого тартып кирдим. Эгер качпасам, мени суу агызып кетмек. Бактыга жараша бала-чакам турган жакка суу кирген жок.

- Турак жайыңызды камсыздандырдыңыз беле?

- Тилекке каршы, мен турак үйүмдү камсыздандырган эмес болчумун. Эл арасында эгер үй-жай камсыздандырылбаса, эч кандай жардам болбойт экен деген сөздөр айтылып жатат. Бирок бийлик бул тууралуу азырынча расмий билдирүү тарата элек. Жабыркаган аймакка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келишип тазалоо иштерин жүргүзүп, колунан келген жардамдарын берип кетишти. Ал эми азырынча материалдык жардам берилет деп эч бир мекеме айта элек. Турак жайыңарды камсыздандыргыла деп телевизордон айтып жаткан, ойлонуп жүргөм. Туруп эле ушул апаат болуп кетти. Турак жайды камсыздандырууга бир жагынан шарт болбой жатса, бир жагынан убакыт болбой келген.

- Азыркы тапта жергиликтүү эл эмне менен алектенип жатат? Алардын кырсыктан кийинки абалы кандай?

- Азыр ар ким өзүнүн короолорун жыйнап, тазалоо иштери менен алектенип жатышат. Ал эми жеке өзүм бир кыйла эле, тагыраагы 30 миңдей чыгым тарттым. Башкалар деле менин үй-бүлөм сыяктуу эле чыгымдарды тартканын айтышууда. Бул табият кырсыгы, ага белгилүү бир тарапты күнөөлөөгө да негиз жок. Кайсы бир тарап чара көргөндө деле бул кырсык болмок. Себеби сел жүргөн жеринде баары бир кайра жүрөт, ал жолун бербейт деп айтылат. Анткени мурун да бул аймакта сел байма-бай болуп турчу экен. Кечээ чоң атам "балам мен бул жерде эшек менен жүрүп чоңойгом. Бул жерди жакшы билем, бул жер селдин жолу" деп айтты. Атам 20 жыл өтөбү, 30 жыл өтөбү сел баары бир жолунан өтөт деди.

Насирдин Маркаев

- Балким бул айтылгандардан улам кооптуу эмес аймакка көчүү тууралуу ой келип жаткандыр сизге?

- Эгер бул абал жаз келген сайын кайталана бере турган болсо, көчүп кеткенибиз жакшы болот. Кудай сактады, балдарым же өзүм агып кетсем кандай болмок? Мындай селди жашоомдо биринчи жолу көргөндүктөн, таң калдым, суунун агымы катуу болду. Эгер мамлекет турак жай берип, көчкүлө десе ойлонбой көчмөкпүз, анда жакшы болмок.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2020-05-04 18:32:15
Селдин артынан селдей жакшылыктар келсин эми окмотко ишенбей аракетнерди кыла бергиле секин секин
+20
Mintip-menu-suybo
2020-05-05 12:37:45
Кочуп кеткенинер жакшы го менимче...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан