SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева болду.
Экс-депутат апасы тууралуу айтып берди. Анын апасы быйыл жай айында каза болгон.
"Апам 94 жашында каза болду. Баарыңыздарга апамдын жашына жетиңиздер деп айтаар элем. Апам 3 жашында тоголок жетим болуп калат. Эжеси экөөнү таекеси багып алат. Эжеси турмушка чыккан айылдан апам атам менен таанышып калып, турмуш курушат. Атам мугалим болгондуктан китеп эле окуй берчү. Апам атамдан "үнүңүздү чыгарып окуңуз мен да угайын" деп суранып, атам китеп окуп берчү экен. Ошондон улам апам көп нерсени билчү. Апамды акыркы сапарга узаттык. Мага оор болду. 2020-жылы биз коронавирус менен ооруп калып, апама бара албай калсак, апам капа болгон. Апам каза болордун алдында көк кийим кийбей, мурдагыйдай жашай бергиле, мамлекетке чыккынчылык кылбагыла деп айтты. Урматтуу жаштар, ата-энеге өзгөчө көңүл буруп, жылуу сөзүңөрдү аябагыла. Алар каза болгондон кийин чоң арман калат экен", - дейт Жолдошева.