Токон Мамытов: "Өз атым Токтокүчүк экенин мектепти бүтүрүп жатып билдим"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу акыйкатчы Токон Мамытов болду.

Ал өз аты Токтокүчүк экенин, документте азыр дагы ушундай экенин, эмнеге мындай ат коюлуп калганын айтып берди.

"Ата-энемдин удаа-удаа 2-3 баласы чарчап калыптыр. Андан кийин мен төрөлүптүрмүн. Анда дагы мен жөн төрөлбөй, кудуктан суу алып жатканда төрөлүп, муздун үстүнө түшкөн экенмин. Анан ооруптурмун. Кыргызча айтканда, адам болобу же болбойбу деп айылдагы аксакалдар, молдолор келип, "ушул күчүгүң аман калсын" деп азан чакырып ушундай ат койгон экен.

Мектепти бүтүп жатканда атам атыңды алмаштырсаң алмаштырып ал деди. Ошол жерден чоң энем каршы чыкты. "Ай, эмне сен баланы бузуп жатасың, башын айландырып, жөн, бул ыйык ат, көп айтпайт. Адамдын атына анан жашына асылбайт" деди. Мага ошол жетиштүү болду. Ошону менен мен алмаштырган жокмун. Бирок мени Токон деген боюнча калышты", - деди Мамытов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2021-04-21 13:24:04
Кандай кучук болсон дагы ишти кылчы айланайын!Шайлангандан бери канча убакыт отту,бир норма иш кылганын корбодум,бар же жоктун ортосунда журбой!
+12
Erlan_95
2021-04-21 13:52:51
Илгери аялдар кандай эле кудуктан суу алып жатканда тороп, анысы музга тушуп калат))). Это как машина работает что-ли))?
+2
bond02
2021-04-21 14:01:19
Кышта калготки шым кийбеген бекен эле апан.
+2
heaven2016
2021-04-21 14:18:52
bond02,андайлар жок болчу илгери стринги турса дегендерди кийбечу анткени жок болчу
-1
bond02
2021-04-21 15:11:10
heaven2016,сен да музга туштун беле? Кыштын кунундо кийген да бир нерсе стрингиден башка.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан