Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги маалымат каражаттары менен активдүү иштөөгө даярдыгын белгиледи

Бүгүн, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти жана башкы аткаруучу директору Жейми Флайды кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Баарлашуу жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргыз мамлекетинин сөз эркиндигин туу туткан, демократиялык принциптерди сыйлаган эркин өлкө экенин белгиледи.

Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү иштөөгө даярдыгын баса белгиледи. Ошону менен бирге ал жалпыга маалымдоо каражаттары объективдүү, ар тараптуу, кайсы бир тарапка көбүрөөк артыкчылык бербей, дүйнөдө таанылган чыныгы журналисттик принциптерди бекем карманып иштеши зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Жейми Флай Кыргыз өлкөсүндө маалымат каражаттарга, анын ичинде аталган радионун кесиптик ишмердүүлүгү үчүн бардык зарыл шарттар бар экенин белгиледи.

Буга байланыштуу медиакорпорациянын президенти өлкө жетекчилигине түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз өлкөсүндө сөз эркиндиги коомчулуктун күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгү болгон ачык өлкө экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан