Биз социалдык тармакта

Түптө кутуга салынган окуучу бийлик өкүлүнө "тартуу кылынган" окуя. Завуч иштен алынганы жатат

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылындагы орто мектепте биринчи коңгуроо салтанатында кутуга салынган окуучу айыл өкмөт башчысынын орун басарына сюрприз кылынган көрүнүш социалдык тармакта кызуу талкууну жараткан.

Буга чейин мектептин сюрпризин орой болуп калды деп айткан Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Канат Курманалиевге SUPER.KG порталы окуя тууралуу байланышканыбызда, аталган мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары иштен алынганы жатканын билдирди.

"Уюштуруучу завучту жумуштан алганы жатышат деп айтышты, ушу кантип болсун. Балдарды коргоо бөлүмүнө окуя боюнча балага эч кандай зыян келген жок, корккон жок деп медициналык кароо жүргүзүп, корутундуну чыгарып бербейсиңерби деп айттым. Бул эмне деген ызы-чуу? Ушу кантип болсун. Бала кутудан чыкканда күлүп, колун көтөрүп чыккан. Бетинен өөп, батабызды берип чыгарып койгом. Андан кийин апасы да күлүп алып колунан жетелеп кеткен. Ал эч нерсе болгон жок.

Айылдык мектепке бүлүк салып жатасыңар да. Кечээки күндөн бери аябай өкүнүп калдым, мындан кийин чогулуш болсо такыр барбайын деп чечтим. Комментарийлерде аябагандай жаман сөздөр жазылыптыр. Мугалимдер ыйлап жүрөт, жумуштан алынганы жатышат. Ушу кантип болсун", - деп билдирди Курманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
only_progress
2021-09-18 10:23:50
Иштен алып туура кылыптыр. Адамды качан белек кылчу эле? Ким ойлоп тапса да мээсинен айныган бир подхалим го чамасы.
+1
Ala.too.456
2021-09-18 14:32:29
Мугалимдер туура эмес кылышкан озу. Бирок алар деле жакшы ойдо жакшы маанай тартуулайын деген, бирок туура эмес ценарий тандап алышкан. Эскертуу эле бергиле, болотда ошол. Дароо эле жумуштан албай. Озу акыркы кундору мугалимдердин кадырыда тушуп кетип атат.
+3
Nursul
2021-09-18 15:03:17
Ата энесинин уруксаты менен эле кылышыптыр го, обу жоктонбой ал куту дегенин жөн эле коюшса болмок экен, жөн эле ачылышын кылып коюшса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан