Ош шаарынын тургундары шайлоого активдүү катышып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.
Аталган шаарда жалпы 155 миң 718 шайлоочу бар. Анын 10,94 шайлоочу добуш берди. Бул 17 миң 37 шайлоочуну түзөт.
Жалпы бирдиктүү округ боюнча 9,17 пайыз, бир мандаттуу округ боюнча 9,12 пайыз шайлоочу добуш берди.