Сүйүн Откеев бүгүн жарандык милдетин аткаруу үчүн катталган шайлоо тилкесине добуш берүү максатында барган. Ал жердеги айрым жагдайлардан улам Сүйүн мырза өзүнүн ою менен бөлүштү.
"Ар шайлоо биздин үй-бүлө үчүн чакан майрамдай. Барып татыктуу талапкерди шайлап келебиз. Себеби алдыдагы 5 жылдык жашообуздун сапаты ошол депутаттардан көз каранды. Добуш берүүгө өзүм эле барбай, балдарымды да ээрчитип алып бардым. Улуу кызымды да ээрчитип алгам. Атайын социалдык тармактар үчүн "шайлоого келгиле, катышкыла, кайдыгер карабагыла" деп видео отчёт жасамакмын. Анан телефонумду кызыма берип, шайлоо процессин видеого жана сүрөткө тарта бер дедим. Ошентип ал сырттан тартып баштады. Анан кабинада бош бланканы тартып жаткан. Бир убакта бир эже келе калып эле телефонду жулуп алды. Артынан дагы бир киши келди. Андан соң аймактык тескөөчүнү чакырышты. Кызым нес болуп калды. Көрсө, кимди шайлап жатканыңды тартпашың керек экен, дегеле ичинде видео тартпаш керек дешти. Ал нерсеге мен да көңүл бурбаптырмын. Макул тартпайлы, бирок бир коркунучтуу кылмышкерди кармагандай дүрбөлөңгө алдырышып, ызы-чуу кылып жибергенине түшүнбөй калдым. Жөн эле эскертип койсо "ии, макул, кечиресиз" деп акырын шайлап алып чыгып кетмекпиз. Анан телефонду алып, ыкчам чара көрүүчү топту чакырабыз дешти. "Чакыргыла, бирок батыраак келишсин, кызымды бир жерге алып бармакмын, шашылышмын" дедим. Ошентип жарым саат күтүп отурдук.
Дал ошол убакта бир гезиттен журналисттер жазып калышты "Сүйүн байке, шайлоого бардыңызбы" деп. "Бардым, бирок кайра кете албай отурам, чыкканда жазып коём" дедим.
5-6 байкоочу кирип бир нерселерди толтуруп кетишти. Ал аңгыча 5-6 милиция кызматкери кирип келди. Мен өзүмчө кубанып отурам, Кыргыз өлкөбүз өнүгүп жатыптыр, ылайым бардык нерсе ушинтип тыкылдап иштеп турса экен дедим.
Анан тиги келгендерге элди шайлоого чакыра турган видео отчёт тарткам деген түшүнүк кат жазып бердим. "Байке, эми видео тартпай эле коюңузчу, тынч эле жүрөлүчү" деп кетишти. Макул деп тарткандарымды өчүрүп салдым.
Мен негизи кимди шайлаганымды көрсөтмөк деле эмесмин. Бирок ошол жерде бир суроо пайда болду. Кабинанын ичинде шайлоочулар кимди шайлаганын видеого тартканга уруксаты жок болгону менен 10 секунддан кийин сыртка чыгып, кимди шайлаганын айта алышат экен. Логика кайда? Шайлоочулар шайлоого чейин деле, шайлоодон кийин деле кимди шайлаганын айтып жатышпайбы. Эми ошол шайлап жаткан учурда эмнеге айтса же көрсөтсө болбойт? Каалаган киши айтсын, эгер каалабаса ансыз деле айтпайт. Баса, бул мыйзам добуштарды сатып алуу үчүн чыкпаса керек деп ойлойм. Силер кандай деп ойлойсуңар, туугандар? Видеого тарткандын зыяны барбы?", - деп айтылат режиссёрдун билдирүүсүндө.