Бүгүн, 25-сентябрга карата өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония илдети дагы 79 жарандан аныкталды. Республикалык штабдын статистикалык маалыматына караганда, акыркы суткада Нарын жана Баткен облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.
Бишкек - 41;
Чүй облусу – 21;
Ош облусу – 1;
Талас облусу - 1;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 3.
Өлкөдө коронавирус илдети катталган күндөн тарта жалпы 178 миң 202 жаран жабыркады.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 107 адамды түздү. Муну менен жалпы сакайгандардын саны 172 миң 764кө жетти.