Жаңы ачылган "Манас" театрынын кызматы, алдыдагы аткара турган иштери кандай? Мекеменин 25 жаштагы жетекчиси менен маек

Жакында эле Бишкекте Кыргыз улуттук "Манас" театры ачылып, мекеменин жетекчиси болуп Азиз Биймырза уулу дайындалган. Театрдын кызматы, алдыдагы аткара турган иштери көпчүлүккө кызык дагы, сыр дагы болуп турганы айкын. Театрдын миссиясы, жасала турган иштери тууралуу мекеменин жетекчиси Азиз Биймырза уулуна байланышып билип көрдүк.

- Саламатсызбы Азиз мырза, алгач эле кызмат ордуңуз кут болсун! "Манас" театры кандай кызмат аткарат болду экен деген суроолор көп болууда. Бул кызматтын миссиясын айтып өтсөңүз?

- Ыраазычылык билдирем! Кыргыз мамлекеттик "Манас" театрынын негизги миссиясы дүйнөдө теңдеши жок уникалдуу өнөр болгон манасчылыкты дүйнөгө даңазалоо менен бирге эпикалык чыгарманын баалуулуктарынын чып-чыргасын коротпой сактап келе жаткан манасчыларды камкордукка алуу максатын ишке ашырат. Эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу манасчылар мамлекеттик деңгээлде камкордукка алынып, мамлекет манасчыларды расмий тааныды. Ырас, 1000 жылдыктын алкагында, андан кийин 2010-жылдагы окуядан кийин колдоолор, көңүл буруулар болуп келген, бирок биздин атайын орун-очогубуз, мекемебиз жок болчу. Азыр болсо, жүрөк толкуткан окуяга күбө болуп жатабыз.

Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич өзүнүн көзөмөлүндө, өзүнүн демилгеси менен театрыбызды ачып, тарыхый иш жасап берди. Манасчылар бул күндөргө чейин эле өздөрүнүн миссиясын так жана толук аткарып келген. Мындан кийин дагы аткара беребиз, камкордукка алынып жаткандан кийин мега долбоорлор менен иштеп эл аралык, дүйнөлүк алкакка чыгабыз деген ишенимибиз зор.

Аталышыбыз театр болуп жаткандыктан, көпчүлүк коом аңдай албай жаткандай сезилүүдө бизге. Театр десе эле дүйнө таанымыбызга репертуар, спектакль, режиссёр, артисттер, драматург деген түшүнүктөр келет да. Бирок биздин театр айтуучулуктун, практиктердин театры болот. Ооба, биз дагы моноспектаклдерди, манасчылардын сахналык портреттерин, чыгармачылык кечелерин уюштурабыз буюрса.

- Кандай жагдайдан улам театрга жетекчи болуп дайындалып калдыңыз?

- Театрга жетекчини манасчылар өзүңөр сунуштагыла, силердин дүйнөнү билген, түшүнгөн, мүмкүн болушунча өз араңардан болсун деп министр Кайрат Олжобаевич сунуш берген эле, анан жаш, театрда дагы, теледе дагы иштеп жатат деп мени сунушташты.

- Театрдагы алгачкы ишти эмнеден баштайын деп турасыз?

- Алгачкы иш азыр документтер менен эле алышып жүрөм. Бирок театрдын алгачкы иш планына бир катар ойлорумду жаздым. Демөөрчүлөр дагы кол сунуп жатат, китеп чыгаралы деген ниет бар.

- "Манас" театрынын курамы кандай болуп түзүлдү?

- Театрдын курамы толук түзүлө элек, себеби документтерибиз Юстиция министрлигинде каралып жатат, штаттык бирдигибиз бекисе эле анан топтой баштайбыз. Ал эми негизги курам республикабыздын бардык манасчылары штатка отурат.

- Азыркы учурда бардык иш келип эле каражатка такалат да. Театрдын бюджети бекитилдиби? Суммасы канча?

- Бюджети бекитиле элек. Азыр мамлекеттик болуп түзүлдүк, жакынкы аралыкта улуттук статус алганга аракеттер жүрүп жатат. Ыңгайына карап тийиштүү бюджетти бекитип берет да. Эң башкысы сүйүнүчтүү кабарыбыз ачылганынын өзү эле чоң иш, саамалык болду.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Кыргыздын руханий көрөңгөсү үчүн кызмат кыла беришиңиздерге тилектешпиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан