Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган "Акыркы көч" тасмасы чет өлкөдө дагы бир сыйлыкка татыды. Иш-чаранын уюштуруучуларынын маалыматына ылайык, Орусиянын Анапа шаарында өткөн "Киношок" фестивалында кыргыз тасмасы "Мыкты музыка" сыйлыгын жеңди.
Аталган тасманын музыкасын Баласагын Мусаев жазган.
Тасмада Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Омурзак Токтомуратов жана Гүлсина Чотонова сыяктуу актёр, актрисалар роль жараткан.
Белгилей кетсек, “Акыркы көч” тасмасы көптөгөн кинофестивалдарга катышып, Дакка эл аралык кинофестивалында Гран-прини жана Куала-Лумпурда атайын сыйлыкты алган жана Португалияда эки наам боюнча жеңүүчү болгон.