Жалал-Абадда шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелери тууралуу окутуулар өткөрүлдү

Жалал-Абадда шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелери тууралуу окутуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Медиа эксперт Авланбек Жумабаев БШКнын маалымдоо жана үгүт иштери боюнча жумушчу топтун милдеттери тууралуу айтып берди. Ал жумушчу топ шайлоо алдындагы уюштуруу иштерине катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларына, интернет-басылмаларга, медиа-уюмдарга маалымдоо маселелери, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары боюнча консультативдик жана усулдук жардам көрсөтөрүн айтты. Ал БШК маалыматтык ресурстары бардык маалыматты ыкчам алып турууга мүмкүндүк берерин белгилеп кетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан