Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан талапкер, Кыргыз Эл артисти Бек Борбиев шайлоонун жыйынтыгы боюнча пикирин калтырды.
"Элибиз дагы деле кара курсактын, тууган, жердешчиликтин деңгээлинен көтөрүлө элек экен. Жарымынан көбү эртеңкиге ишенбейт, кайдыгер, шайлоого сүйрөсөң да басып келбейт. Кайра шайлоо болсо деле, жыйынтыгы дал ушундай болот", - дейт Бек мырза.
Ал шайлоого катышкан талапкер катары өзүнүн оюн калтыргысы келгенин белгиледи.
"Шайлоо кандай өттү? Эл акыркы мүнөттөргө чейин "баары бир акча бересиңер да" деген таризде көгөрүп күтүп отурду. Мен бере алган жокмун. "Кээ бир кандидаттар агитатор деген атка жамынып, берип жатат, сен дагы ошенткин" дешти, андай кылганга да каражатым жок эле. Көнгөн адат калабы демекчи, кээ бир административдик ресурстун өкүлдөрү тымызын иштеп тиги же бул талапкерлердин камчысын чаап жатат дегендерди угуп жаттык. Бирок далилдүү шайлоо бүткөн соң гана жыйынтыктан билип отурабыз. Акыйкатта мурдагыдай башаламан акча таратуу, мугалим, дарыгерлерди тизме көтөртүп, алдына салып иштеткендер болгон жок. Бул шайлоону ушул жеңиштери менен эстеп каларыбызга шек жок. Бир кадам болсо да алдыга жылдык.
Мен өзүмдүн оюмдагыдай добуш албай калдым. Адам өзүнүн салмагын ушинтип кээде билип жүрүш керек. Жигит буга сынып калбай, тескерисинче, чыйралыш керек деп түшүнөм. Демек, коомго мендей адамдар анча деле зарыл эмес, а кандай адамдар керек экени шайлоонун жыйынтыгы көрсөттү.
Мен шайлоонун эртеси эки доско "акча таркатууну тыйып, административдик ресурсту толугу менен тыя албадыңар" деп пост жаздым эле. Бирок ал жазганымды айрым саясий күчтөр өз кызыкчылыгына колдонуп, айгай салып баратканынан алып салдым. Анткени мен төңкөрүш, башаламандыкка каршымын. Азыркы бийлик колунан келишинче таза өткөргөнгө аракетин жасады, көрүп турдук, Кудай күбө.
Мен дагы оппозиционер болуп кетмекмин, эгерде азыр бийликте турган жигиттерден башка эл үчүн жакшы "вариантты" көрүп турсам. Жеке пикиримде андайлар жок. Бирок буларды аңтара чабабыз деп аткандар кыргызга пайдасынан зыяны көп болгонун баарыбыз билебиз. Андыктан мен өзүмдүн амбицияларымды тизгиндеп, тескерисинче, азыркы бийликти колдоп туруу жаран катары милдетим деп билем. "Кумтөрдү" элге алып берген адамдарды жамандап, "Кумтөрдүн" акчаларын 30 жыл жеген адамдарды колдой албайм.
Оппозиция деп коркпой бүтүндү өткөргөндөрдү жамандап, убагында өтпөй калса да бүтүндүн ордуна өтүп алгандарды колдой албайм. Кыргызды түз жолго салып бараткандарды жектеп, далай жылдар өлкөнү аңга түрткөндөрдү жандай албайм. Менин жеке амбицияларым мамлекетибиздин кызыкчылыктарынын алдында тырмактай дагы салмагы жок деп билем", - деп айтылат билдирүүдө.