Ырчы Салидинас: "Жигитим 10 миң адамдын алдында колумду сурайт деп ойлогон эмесмин"

11-октябрда ырчы Салидинастын жигити Урмат Токомбаев 10 миң адамдын көз алдында сүйүктүүсүнүн колун сурады. Ырчы айым менен байланышканыбызда баары күтүүсүз болду дейт.

"11-октябрда досторум, жигитим менен концертке баргам. Так ошол күн туулган күнүмө туш келип калды. Бирок ал жерден өткөрөйүн деген пландарым жок болчу. Болгону концерт бир күнгө жылып кеткен. Бир кезде алып баруучу мени сахнага чакырып калды. Мени туулган күнүм менен куттукташат деп ойлогом. Жигитим колумду сурайт деп такыр ойлогон эмесмин. Мурун аз чөйрөнүн алдында эле колумду сурайт болуш керек деп элестетчүмүн. Албетте, 10 миң адамдын алдында сүрдөдүм. Азыркыга чейин нес абалдамын. Урмат бул тууралуу курбуларыма да билгизген эмес. Азырынча биз той жана башка иштер боюнча сүйлөшө элекпиз. Баары күтүүсүз болду", - дейт Салидинас.

Ырчы Салидинастын колун жигити Урмат Токомбаев сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bond02
2021-10-12 19:34:01
Эмне эле болуп баратасынар ээу, биринден отуп бирин мактанып.
+12
KG-312
2021-10-12 19:45:14
Ким булар?
+14
Antiradikal3
2021-10-12 20:02:50
Суперге да тан каламын да. Омуру атын укпаган бирин ырчы деп чыгарыптыр. Эл тааныса мейли го. Болбо болсо компьютердин, аранжировщикоердин жардамы менен студияда эптеп махинация болуп жасалып, фонограмма менен ырдап жургон 1-3 ыры болсо болгондур. Ошого эле ырчы болуп кетеби? Аткаруучу десенер туура болоор беле? Ырчы деп кичине мээнет кылып, репертуарында кеминде 10дон ашык ыры болсо, кичине эл оозуна алынып калса анан айтсанар болбойт беле? Итин-битин да ырчы дей бербей.
+9
Belek1710
2021-10-12 20:09:28
Antiradikal3,Түнкү клубда ырдаса ырдап аткандыр да, эмнеси болсо да бактылуу болгула
-2
XATSAN125
2021-10-12 20:32:53
Мля ырчы бир сомго 15 штук болуп кетиптирго а бизде.Ити да пити да эки созду кошуп алып ырчымын дегендер каптап кетти
+8
Bikosh2015
2021-10-12 21:19:09
Колун сураган бир бечара шору куруган жигит экен да.
+4
KaGaH
2021-10-12 21:39:34
Кимдер экен ?)
+5
Aimani
2021-10-13 14:44:02
Между прочим бул экоо Тен кучтуу уну бар ырчылар.Асман проектисине катышкан.той ырчысы эмес.ошон учун тааныбайсынар да.кичине кызыгып жаны проекттерди, олкобуздогу жаштар жонундо жанылык коруп турсанар тааныйт болчусунар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан