Депутат Махабат Мавлянова бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.
Анын билдирмеси БШКда каралып чечим кабыл алынды. Ал №4 Көк-Жар шайлоо округунан шайлоого аттанган.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди.