28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 25 миң 578 шайлоочу баарына каршы добушун берген. Бул тууралуу БШКнын сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 28-ноябрь саат 22:00гө карата 2 миң 261 автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан маалыматтар алынган. Бул жалпы бюллетендин 90,66 пайызын түзөт.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоого катышкандардын саны 1 миллион 189 миң 493 болду. Тагыраагы, жалпы шайлоочулардын 28,36 пайызын түздү. 21 партиядан 1006 талапкер ат салышкан.