Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2 арыз түштү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жылдызбек Исакулов, №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Акыл Курманалиев шайлоого катышуудан баш тартуу арызын жазды.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди.