Бир мандаттуу округ боюнча 333 талапкердин документтери текшерилип жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искандер Гайпкулов билдирди.
"Бир мандаттуу округ боюнча 333 талапкер катталды. Баары өздөрүнүн мыйзамдын негизинде төлөнүүчү күрөөлөрүн төлөдү. Документтери текшерилип жатат. Алардын талапкерлигин катташыбыз кажет. БШКнын мүчөлөрү документтерди карап, каттоо иштерин жүргүзүп, 28-октябрга чейин бүтүрүшүбүз керек", - деди ал.