Бир канча айыл башчылары шайлоого аттангандыктан кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Төмөнкү айыл өкмөт башчылары өз ыйгарым укуктарын токтотушту:
- Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы - Жалолидин Нурбаев;
- Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы - Эржигит Пасаңов;
- Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы Чынгыз Оморов;
- Чүй облусунун Жайыл районунун Красно-Восток айыл өкмөтүнүн башчысы - Нурмат Рыскулбек уулу;
- Чүй облусунун Москва районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы - Мирлан Жекшенов;
- Чүй облусунун Кемин районунун Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы - Акылбек Мурсалиев.