Депутат Нурбек Мурашев бир мандаттуу округдан шайлоого аттануудан баш тартты

Депутат Нурбек Мурашев бир мандаттуу округдан шайлоого аттануудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Буга чейин Алтынбек Сулайманов өзүнүн акыркы чечимин ачыктап, шайлоого бир мандаттуу округдан баруудан баш тарткандыгын айткан.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин саны 387ге жеткен, эки талапкерди кошпогонда алардын саны 385 болду.

Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктады. Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан