Актёр Өмүрбек Израилов менен актриса Айсанат Эдигеева баш кошту. Бүгүн, 20-октябрда актрисанын кыз узатуусу үйүндө өтүүдө. Бул туурасында актрисанын өзү тарабынан маалым болду.
Түгөйлөрдүн үлпөт тою борбордогу тойканалардын биринде өтөт.
Актёр, алып баруучу Өмүрбек Израилов Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тарыхый мюзиклинин башкы каарманы катары таанылган. Мындан тышкары актёрду кыргыз режиссёрлорунун тасмаларынан, театрдан, клиптерден жана ар кандай иш-чаралардан көрүп жүрөбүз.
Ал эми Айсанат Эдигеева көпчүлүккө "Көргүм келет" тасмасы аркылуу таанылган. Мындан тышкары бир катар тасма, клиптерде роль жаратып келет.