Өткөн суткада өлкө аймагында 11 миң 970 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эмдөөдөн өткөн 11 миң 970 адамдын ичинен 6 миң 319у вакцинанын I дозасы менен эмделди. Ал эми 5 миң 651и вакцинанын II дозасын алышкан.
Белгилей кетсек, өлкөдө эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган.