Ноябрь айында турмуш жолуна аттанууга камылга көрүп жаткан ырчы Минюра Рахимжанова "девичник" уюштурду. Ал курбуларынын курчоосунда көңүлдүү кече өткөрдү.
Буга чейин ырчы Минюра Рахимжанованын сүйүктүүсү колун сурап, үй-бүлө куруу сунушун киргизген. Кыз узатуу, үлпөт тою ноябрь айында өтөрү белгилүү болгон. Ырчы жакын курбусуна абысын болорун, күтүп жүргөн адамын тапканын билдирген.
Минюра Рахимжанова "Сен кат жаздың", "Закым", "Менин жаным" жана башка ырлары менен белгилүү. Ырчы чет өлкөлүк сынактарга, фестивалдарга катышып келет.