Дөөлөт Сыдыков 14 сааттан ашык айткан улуу баяндын бир бөлүгү китеп болуп басылды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Дөөлөт Сыдыковдун манас тууралуу китеби басылып чыкты. Анда манасчынын аянтта айткан улуу баянынын үзүндүсү китепке түшүрүлгөнү Ырыс Окенова тарабынан маалым болду.

Айтымында, китеп 1000 нускамада чыкты.

"Аянтта 14 саат 27 мүнөт айткан манастын бир бөлүгүн китеп кылып чыгардык. Китептин бет ачарын Дөөлөт Сыдыковдун наам алганынын урматына уюштурулган тойдо жасадык. Эң биринчи апабызга, андан кийин келген ар бир конокко Дөөлөт Сыдыковдун кол тамгасы коюлган китеп берилди", - деди Окенова.

Эске салсак, былтыр, 12-ноябрь күнү манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт убакыт бою эч тыным албай, тамчы суу ичпестен манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылган. Ошол күнү манасчыны Бишкек шаарынын тургундары күндүн суугуна, кардын жаашына карабастан, жашы-кары дебей колдоп, сүрөөнгө алып турушкан.

Андан кийин манасчы Ош шаарында 3 күн манас айткан. Ал эми 31-августта Дөөлөт Сыдыков Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн манас айтуусун баштап, 111 саат улуу баян айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан