Шайлоо тилкелери ачылганда бир нече техникалык кемчиликтер жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда брифингде санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев билдирди.
"Идентификация системасы, жабдыктар штаттык режимде иштеп жатат. Шайлоо тилкелери ачылганда бир нече техникалык кемчиликтер жаралды. Бирок алардын баары тез арада чечилди. Республика боюнча 700 IT адиси иштеп жатат. Мындан тышкары шайлоочуларга шарт түзүү боюнча расмий тейлөө борборлору өз ишин жүргүздү. 27-ноябрда 1 миң 13 жаранга паспорт берилди", - дейт ал.