Бүгүн, 29-октябрда “Альянс” саясий партиясынын үгүт кербени Ош облусунда уланды.
Партиянын тең төрагасы Жанар Акаев өзү туулуп-өскөн Алай районунун Кабылан-Көл айылында тарапташтары менен жолукту. Талапкер “Альянс” партиясынын программасы менен тааныштырып, анын курамы накта кесипкөй адистерден куралганын белгиледи. Жолугушууга катышкандардын көпчүлүгү Жанар Акаевдин буга чейинки ишмердүүлүгүнө ыраазы экендигин билдиришип, “Альянс” партиясын бир добуштан колдой турганын айтышты.
"Кыргызстандагы бийликчил партиялардын массалык добуш сатып алуусу, административдик ресурсту ашкере колдонуусуна каршы туруунун бирден бир жолу – адилеттүү, прогрессивдүү күчтөрдүн биригүүсү. Биз муну жасай алдык! Жеке амбицияларды таштап, калың элдин колдоосу бар ири партиялардын лидерлери, саясатчылар, жигердүү жаштар “Альянс” партиясын түптөп, жарышка чыктык. Тажрыйба менен жаштык жигерди айкалыштырган, накта эл өкүлү деген макамга татыктуу команда жыйнай алганыбыз – жеңишке карай жетелей турчу алгачкы ийгилигибиз", - деди Жанар Акаев.
Партиянын башка талапкерлери Акыл Мамыров, Азамат Ажимаматов, Азамат Исираилов, Фарход Алимжанов, Дүйшөн Төрөкулов түштүк аймактагы жердештери менен жолугушуу өткөрүштү.
“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К. Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 29-октябрь, 2021-жыл.